Моюнга сайган: Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелип жигит кармалды

26.01.2026 | 12:21

Бишкектеги Кулиев көчөсүндө жайгашкан менчик мейманканалардын биринде жаш кыз бычакталып, каза тапты. Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясы билдирди.

Окуя 26-январда болгон. Саат 09:01лер чамасында «102» кызматына кыз каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөөнүн маалыматында, каза тапкан Р.Э. аттуу кыз менен Д.М. аттуу жигит узак убакыттан бери кыз-жигит болуп келишкен. Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан кийин алардын ортосунда чыр чыгып, маркум кыз жигиттин колуна бычак менен жаракат келтирген. Буга жооп кылып шектүү Д.М кыздын моюнуна бычак сайып жиберген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө уланууда.

Scroll to Top