Салык кызматы ишкерлер үчүн онлайн түрдө кайра каттоо кызматын ишке киргизди
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) бизнес үчүн кызматтарды санариптештирүүдө кезектеги кадамын таштады. Мекеме жеке ишкерлерге (ЖИ) салык органдарына барбастан, толугу менен онлайн түрүндө кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө мүмкүндүк берген кызматтын ишке киргенин жарыялады.
Жаңы функция cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» жеткиликтүү.
Эми ишкерлерге каттоо маалыматтарына өзгөртүү киргизүү үчүн кезекке туруунун кереги жок. Кызмат аралыктан төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүндүк берет:
- Юридикалык даректи өзгөртүү (башка районго көчүү менен кошо);
- Салыктык катталган жерин алмаштыруу;
- Салык режимин өзгөртүү;
- Реквизиттерди жаңылоо;
- Экономикалык ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.
Жаңылыктын башкы артыкчылыгы маалыматтарды иштеп чыгуунун ылдамдыгы болуп калды. Эгер мурда кайра каттоо процедурасы 2–3 жумушчу күндү талап кылса, азыр автоматташтырылган тутум бул тапшырманы 5–10 мүнөттө аткарат.
Кызмат 24/7 режиминде иштейт жана дүйнөнүн каалаган чекитинен жеткиликтүү. Бул өзгөчө иш сапарда жүргөн же аралыктан иштеген ишкерлер үчүн ыңгайлуу.
МСК бул санариптик продукт рекорддук мөөнөттө — 100 күндүн ичинде иштелип чыгып, ишке киргизилгенин белгиледи. Долбоор Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев демилгелеген «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылды.
Ишке киргизүүнүн негизги максаты — бизнести кайра каттоодогу бюрократиялык тоскоолдуктарды толугу менен жоюу жана Кыргызстандагы ишкерлердин иши үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү.