«Жашоо чындыгын тосуп жатышат»: бишкектиктер ШКУга даярдыктын көмүскө тарабын көрсөтүштү — видео«Кыргызкөмүр» жылытуу мезгилинин алдында калкка көмүр сата баштады — базалардын даректериКР Саламаттык сактоо министри инфаркт алган 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам бердиЖКККУ мүчөлөрү Арменияны уюм боюнча союздаш деп эсептешет — башкы катчыБишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде 554 жаңы чырак орнотулдуКазакстанда электр жарыгынын өчүшүн Токтогул ГЭСиндеги авария менен түшүндүрүштү
Чукул кабар! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн
16.12.2025 | 15:37

17-декабрдан 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Төмөнкү унаа жол тилкелерине кар көчкү түшүү коркунучу бар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу;
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
- Мырзаке-Кара – Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында,
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда,
- Балыкчы-Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом