Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Муфтият: Мечиттер жабылбайт, жума намазы убактылуу токтотулду
10.07.2020 | 09:25
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) коронавирус илдети кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу жума намазын окууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы маалымат таратып, мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алганын маалымдайт.
Бирок жума намазы токтотулганы менен, мечиттер жабылбай тургандыгы айтылат.
“Жума намазынын ордуна бешим намазы өз алдынча окулсун. Беш убак намаз мечиттерде сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окула берет. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат”, – деп айталат муфтияттын маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом