Кечээ, 15-ноябрь күнү муфтият тарабынан уюштурулган умра сапарына алгачкы 60 адамдан турган топ Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аталган топту үч умра башчы жетектеп кеткен.
Кичи ажылыктын баасы 1 миң 350 долларды түзүүдө.
Быйыл муфтият кичи ажылык сапарын уюштура баштады. Буга чейин кичи ажылыкка зыяратчыларды жеке компаниялар жөнөтүп турган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз