Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайы
ЖК: Жыйынга себепсиз келбеген депутаттар “жазалана” баштайт
16.11.2022 | 11:19
Жогорку Кеңештин жыйындарына жүйөлүү себеби жок катышпаган депутаттардын айлыгынан акча кыркыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди.
Шакиевдин айтымында, алар бүгүнтөн тарта тартипти кароого өтөт.
“Урматтуу депутаттар сиздерге эскертип айтып коеюн, ушул жумадан тарта тартипти өзүбүздөн баштайбыз. Биздин депутаттар катталып коюп, ишке келбей жүргөн, жүйөлүү себеби жок келбеген депутаттарыбыз бар. Эмгек кодексине ылайык, 8 сааттык иш тартибин толук текшерип, талап кылабыз. Жүйөсүз себептер, ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасынан Эмгек кодексине ылайык (акчасын – ред.) кыркып, кармап калабыз”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом