Муфтият жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрөт

Муфтият жол кырсыгынын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрөт

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы жол кырсыгынын алдын алуу максатында «Адам жаны аманат» аталышында атайын апталык иш-чара өткөрөт. Бул туурасында азирети муфтий Максат ажы Токтомушев  бүгүн, 25-ноябрда Муфтияттын эмгек жамаатына өткөргөн жыйында билдирген.

Муфтий  учурда жол кырсыгынан адамдардын жаны көп кыйылып жаткандыгын баса белигеп, бул жаатта Муфтияттын түзүмүндөгү жалпы дин кызматкерлери айдоочулар арасында атайын түшүндүрүү иш-чараларын  жүргүзүү керектигин баса белгилеген.

Муну менен катар Азирети муфтий жума баяндарында жол эрежесин сактоо, адам өмүрүнүн баалуулугу, айдоочунун шарияттагы орду боюнча атайын баяндамаларды жасоо керектигин баса белгилеп, бул жаатта атайын хутба даярдоо тапшырмасы берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>