«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арызданды

08.12.2025 | 15:46

Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы педагогикалык бирикмелер менен биргеликте президент Садыр Жапаровго расмий кайрылуу жолдоду. Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коомчулукта кызуу талкуу жараткан сунушу себеп болду. Эске салсак, ал буга чейин «начар мугалимдердин 15–20%ын жумуштан кетирип», алардын ордун «көчөдөн келген» кадрлар менен толуктоо керектигин айткан эле.

Өлкөдөгү 184 миң мугалимдин атынан жасалган кайрылууда кесиптик кошуундар билим берүүдөгү абалды «өтө оор» деп баалашкан.

«Бүгүнкү күндө билим берүү системасы мугалимдердин күчүнүн, каармандыгынын гана эсебинен, кыл учунда кармалып турат. Алар чарчаганына, басымга жана эмгек шарттарынын оордугуна карабай күн сайын класстарга келишүүдө», — деп айтылат катта.

Кесиптик кошуундар кадрлардын жетишсиздиги курч экенин белгилешти: учурда 2 261 мамлекеттик мектепте 947 мугалим жетишпейт. Мындай шартта жапырт жумуштан кетирүү коркунучу ансыз да шайы кеткен системага урулган сокку катары кабылданууда.

Эмгек институтунун изилдөөсүнө ылайык, абитуриенттердин 5,5%ы гана мугалим болууну пландашат. Мунун себептери: айлыктын аздыгы, класстардын жык-жыйма толушу, мектеп имараттарынын эскилиги жана тынымсыз психологиялык басым.

Кайрылуунун авторлору өлкө жетекчилиги абалды оңдоо үчүн кадамдарды жасап жатканын (мектептерди куруу, 2026-жылдын апрелинен баштап айлыкты 40 миң сомго чейин көтөрүү планы) белгилешти. Бирок айрым атка минерлердин сөздөрү бул аракеттерге көлөкө түшүрүп, жокко чыгарып жатат.

«Ишенимди талкалаган сөздөрдү угуу бизге оор тийүүдө. Мугалим — бул баалуулук, колдонуп туруп алмаштырып койчу буюм (сарпталуучу материал) эмес», — деп жыйынтыкташкан кесиптик кошуундар. Алар президенттен орун басарынын сөздөрүнө реакция кылууну суранышкан.

Scroll to Top