Мугалимдердин билим деңгээли: Байсаловдун айтканында жан барбы?

27.01.2026 | 10:59

Акыркы жылдары социалдык түйүндөрдө мугалимдердин ата-энелер отурган группаларга жазган билдирүүлөрү, тапшырма тексттери орфографиялык, пунктуациялык жана стилистикалык каталарга толуп калган учурлар байма-бай чыгууда. Мурда мындай мисалдар таң калтырса, азыр бара-бара көнүмүш көрүнүшкө айланып, коомдук талкууда “мугалим өзү билбесе, баладан кантип талап кылат?” деген суроону күчөттү. Социалдык медиа ачык аянтча болгондуктан, ар бир ката коом тарабынан дароо байкалып, мугалимдин жеке катасы жалпы системанын сапатынын көрсөткүчүнө айланып калууда. 

Кыргызстанда мугалимдердин билим деңгээлинин төмөндөп жатышы бир эле фактордон эмес, жылдар бою топтолгон системалык себептерден келип чыгат. Педагогикалык ЖОЖдордо программа эскирип, заман талабына шайкеш реформалар жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыктан, бүтүрүүчүлөр мектепке реалдуу даярдыгы жок абалда чыгышат. Теория оор, практика аз, ал эми жаңы муундагы педагогикалык методдор көп окуу жайларда формалдуу деңгээлде гана өтүлөт. 

Мындан тышкары, тармактагы кадрдык кризис билим деңгээли төмөн абитуриенттердин педагогикага резервдик вариант катары кирүүсүнө шарт түздү. “Башка факультетке өтпөсөм, жок дегенде мугалимдикке тапшырып коеюн” деген мамиле билим берүү системасына мотивациясы төмөн, кесипти жүрөгү менен тандабаган адистердин агылышын жаратты. Бул көрүнүш мектептеги сапат маселесин ого бетер тереңдетип, коомго “мугалимдер жакшы билбейт” деген түшүнүктү күчөтүп койду. Дал ушундай контекстте Байсаловдун мектептеги кадрлар сапаты боюнча чуулгандуу билдирүүлөрү коомдук пикирди экиге бөлүп, бирок ошол эле учурда көптөн бери айтылбай келген проблемаларга да ачык эшик ачты.

Байсаловдун сөзүндө жан барбы?

Анткен менен билимдин сапаты төмөндөгөндөн төмөндөп баратат. 

2025-жылдын ноябрь айында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов радикалдуу кадамдарга баруу керектигин “Номад” телеканалына билдирди: “компетенттүү эмес мугалимдерди таап, 15-20%ын иштен айдаш керек”, аларды “көчөдөгү адамдарга” алмаштырып, айлыгын 50-60 миң сомго көтөрүү керектигин айткан. 

Анын айтымында, инфраструктурага караганда, билим сапаты алда канча маанилүү. 

“Технология кандай өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан 12 жылдык окутуу системасы – көйгөйдү чечүүнүн ондон бир эле бөлүгү… Мугалимдердин 15-20%ын иштен кетирүү керек… Биз, жакшысы, мугалимдикке көчөдөн эле адамдарды алып келебиз… жана аларга жакшы маяна коюп беребиз”. 

Анын бул билдирүүсү мугалимдерди нааразы кылып, кызуу коомдук талкууга жем таштады. Коомдук реакция бир нече агымга бөлүндү: нааразы болгон тарап мындай сөздөр мугалимдердин кадыр-баркын түшүрөрүн, кадрдык жетишсиздик мезгилинде мугалимдерди массалык түрдө иштен кетирүү кырдаалды ого бетер курчутарын, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга шарт түзбөй туруп, аларды “тазалоо” – туура эмес саясат экендигин айтышты; ал эми Байсаловду колдогон тарап чын эле квалификациясын көтөрбөгөн, жаңылыкка даяр эмес, эски методикага жабышкан мугалимдер бар экендигин, айрым мектептерде формализм, максатсыз саат толтуруу көрүнүштөрү көптүгүн, билим сапатынын төмөндөшүнө жооптуу факторлордун бири – квалификациясы начар педагогдор экендигин айтышса; үчүнчү тарап Байсаловдун сөзү кескин болгону менен маселени көтөргөнү – туура экендигин билдиришти. Себеби, чындыгында, квалификациясын жылдап көтөрбөгөн мугалимдер бар; айрымдары жаңы программаларга, санариптик талаптарга, билим берүүдөгү жаңычыл ыкмаларга даяр эмес. 

Кантсе да, Байсаловдун айтканында жан бар көрүнөт. Бул риторикалык кайым айтышуу болгону менен, акыйкатта анда рационалдуу уютку бар: акыйкатта көпчүлүк мугалимдер көптөн бери квалификациясын жогорулаткан эмес, жаңы реалияларга адаптацияланган эмес, заманбап окутуу усулдары менен тааныш эмес, санариптиштирүүгө даяр эмес. Реформалардын шартында мындай мугалимдер билимдин сапатын жогорулатпай, тескерисинче, сапатын төмөндөтөт. 

Эмне үчүн билим сапаты төмөндөп жатат?

Эксперттер белгилегендей, предметтик билими жетишсиз мугалимдер көбөйүүдө: кээ бир мектептерде сабактарды профили жок адистер окуткан учурлар бар. Экинчи себеби: мугалимдер жеке секторго кетүүдө. Үчүнчү себеп: педагогикалык жогорку окуу жайларынын программалары замандын талаптарына туура келбейт, эскирген. Окутуу ресурстарынын жетишсиздиги күч: көп мектептерде лаборатория, техника, сапаттуу окуу китептери жок. Ошондой эле, мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгү төмөн: көп мугалимдер санариптик ыкмаларга өтө албай жатышат. 

“Азыркы балдар окубайт…” – мугалимдин шылтоосубу же чыныгы көйгөйбү? 

Акыркы жылдары билим берүү системасында көп угуп жүргөн кеп бар: “Азыркы балдар окубайт”.

Чын эле ушундайбы? Же бул – мугалим өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу үчүн колдонгон универсалдуу шылтообу?

Жаңы муун – мурдагы муундан кескин айырмаланат, алар: санариптик, ыкчам, визуалдык кабыл алуусу күчтүү, маалыматты бат таап, бат иштейт, авторитардык стилге баш ийбейт, суроону көп берет, логика менен иштейт, бардык окугандарын турмушта колдонгусу келет. 

Маселе балада эмес, маселе – мугалимде. 

Азыркы мугалимдер “өзүнүн” муунун окута албай жатат

Заманга жараша балдар, коом, технология жана мазмун өзгөрдү. Бирок окутуу технологиясы өзгөргөн жок. Көпчүлүк мугалимдер жаңы муундун психологиясын түшүнө албай убара. Мисалы, мугалимдин 45 мүнөт жөн гана “кургак” маалыматты айтып берүүсү – азыркы балдарга кызык эмес; бир тема боюнча 10-20 көнүгүү иштөө – замандын талабына туура келбейт; сабакта “суроо бербей, тынч отургула” деген мамиле – XXI кылымда таптакыр туура эмес. 

Балдарда кызыгуу бар, бирок ал окутуу усулуна жараша ойгонот же өчөт. Эгер окутуу ыкмасы эски болсо – эң кызыккан бала да окууга көңүлүн жоготот, качат. 

“Азыркы балдар окубайт” деген кеп менен мугалим өзүнүн алсыздыгын жашырат

Бул фраза – педагогикалык жоопкерчиликтен качуунун эң жеңил жолу: көпчүлүк мугалимдер изденбейт, заманбап инструменттерди үйрөнбөйт. Ошондуктан, көйгөйдү балага жүктөө – табигый коргонуу механизми болуп калды. 

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту ар облустун мектептеринде тынбай тренингдерди өтүп турушат. Аталган институттун адистери жылына 2-3 жолу мугалимдерге заманбап методиканын сырларын үйрөтүшөт. Анда, көйгөй кайда? Педагогдор ошол тренингдерде алган инсайттарды сабактарында колдонушпайбы?

Башка жагынан карап көрсөк: эгер балдар чынында окубаса, анда эмне үчүн YouTube’дагы таанып-билүүчү каналдарды миллиондогон балдар көрөт? Эмнеге тил үйрөнүүчү тиркемелерге миллиондогон өспүрүмдөр жазылат? Эмнеге программалоону өз алдынча үйрөнгөн өспүрүмдөр көбөйүүдө? Эмнеге олимпиада жеңүүчүлөрү, STEM кызыккандар, робототехниканы сүйгөндөр өсүп жатат?  

Демек, балдар окушат. Болгону алар өзүнө кызыктуу форматта билим алгысы келет.

“Жок дегенде мугалимдикке тапшырып кой…”

Деген менен, акыркы жылдары Кыргызстанда жаштардын мугалимдикке кызыгуусу кескин азайганы ачыктан ачык байкалды. Бул фактордун тамыры социалдык, экономикалык жана маданий шарттарга барып такалат.

Жаштар мугалимдикке баргысы келбеген негизги себеп – айлыктын аздыгы. 

Эмгек базарында IT-адистер, финансисттер, юристтер орточо 50–150 миң сом тапса, айылдагы же шаардагы орто мектептин мугалими көбүнчө 20–30 миң сом тегерегинде маяна алат.

Бул айырма жаш адис үчүн гана эмес, анын үй-бүлөлүк келечеги үчүн да чоң роль ойнойт. 

Мугалимге болгон мамиленин өзгөрүшү: ата-энелердин сыйлабастыгы, окуучулардын агрессивдүү жүрүм-туруму да таасир этүүдө. Андан сырткары, мугалимдин иши сабак өтүү менен гана бүтпөйт. Андан башка да кагаз жумуштары көп. Экономикалык компенсациясы жок жүк жаштар үчүн мотивацияны өлтүрөт. 

Ошондой эле, ЖОЖдордо педагогикалык даярдыктын сапаты да төмөн. Көпчүлүк педагогикалык ЖОЖдор азыр да 1990-жылдардагы программаларга таянат. Жаш адистер заманбап компетенцияларды – медиа сабаттуулук, STEAM, эмоционалдык интеллект, дидактикалык технологиялар боюнча толук даярдык албайт.

ЖОЖдон чыккан бүтүрүүчү мектепке толук даярдыкта келбейт. Учурдагы билим берүү стандарты менен реалдуу мектепти көргөндө, аларда адеп эле “шок” пайда болот.

Бул да кесиптен качууга себеп.

Чет элдеги мүмкүнчүлүктөрдүн көптүгү да таасир этет. Жаштардын бир бөлүгү чет өлкөдө айына 1000–2000 доллар таап жатса, алар Кыргызстанда 200–300 долларга мугалим болуп иштөөнү реалдуу вариант катары көрбөйт.

Мугалимдин айлыгы квартирага да жетпейт, ал эми мигранттын айлыгы менен үй, машина алуу мүмкүн. Бул абсолюттук мотивациялык дисбаланс.

Ошондуктан, Кыргызстанда педагогикага болгон кызыгуу акыркы он жылдыкта кескин төмөндөдү, натыйжада мугалимдик кесип көпчүлүк жаштар үчүн аң-сезимдүү тандоо эмес, “жок дегенде мугалимдикке тапшырып койчу” деген акыркы вариантка айланып калды. Буга бир нече фактор себеп: кесиптин коомдук бедели төмөндөп, мугалимдердин маянасы жаштар күткөн социалдык жана финансы стабилдүүлүгүн бере албай калды; мектептеги сабактан тышкаркы иш көп, жоопкерчилик көп, бирок колдоо системасы алсыз. Ошондуктан ата-энелер да, абитуриенттер да  “негизги кыялга өтпөсөм, жок дегенде мугалимдикке тапшырып алайын” деп, бул багытты резервдик, акыркы айласыз эшик катары кабылдай баштады. Мындай тенденция педагогикалык факультеттерге чыныгы шыктуу, мотивациясы күчтүү жаштардын келишин азайтып, тармактагы кадрлардын сапатына да түздөн-түз таасир этүүдө.

Билим берүүдөгү кадрдык кризис

Анткен менен 2024-2025-жылдары Кыргызстандын агартуу системасы катуу басымга туш болду. Расмий изилдөө жана медиалык изилдөөлөр көрсөткөндөй, азыр мектептерде миңден ашык мугалим жетишпейт. Бул көйгөйдү аз болсо да чечүү аракетини натыйжасында Агартуу министрлиги 1 222 ЖОЖдун бүтүрүүчүсүн мектептерге бөлүштүргөн. 

2024-жылдын август айында министрлик жалпы билим берүүчү мектептерге 1 300 кадр жетпей жаткандыгын билдирген. 

Бул эч нерсе эмес, Агартуу министри 12 жылдык окуу тутумуна өтүүдө – биринчи класска бара турган балдарды даярдоого 6800 мугалим керектигин айткан. 

Бул жөн гана статистика эмес: мугалимдердин жетишпей жаткандыгынан улам, айрым мектептерде кээ бир сабактар өтүлбөй калууда, ал эми окуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө. 

Табигый жана так илимдер (математика, физика, химия, информатика) предметтери, орус тили сабагынан педагогдордун жетишсиздиги курч. Ошондой эле, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мпктептерде да педагогдордун тартыштыгы байкалат. 

Агартуу министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин жетишсиздиги айрыкча ири шаарларда курч. Буга ички миграция жана окуучулардын санынын өсүп жатышы себеп. 

Мугалим – мөмөлүү дарак

Анткен менен ар кандай өнүгүү мугалимсиз мүмкүн эмес. Анын эмгеги баа жеткис. Мугалимдерди мактоо менен гана чектелбестен, алардын социалдык абалын жакшыртуу, кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү – коомдун да өнүгүүсү. 

Актан Тилек уулу

Scroll to Top