Мухриддин: Кыргызстан менен Ворух жолу, суу объектилери боюнча сүйлөшүү уланууда

Мухриддин: Кыргызстан менен Ворух жолу, суу объектилери боюнча сүйлөшүү уланууда

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара сызыктары такталганы менен, эки курч маселе – мурда чыр-чатактардын чыгуусуна себеп болгон жол жана суу объектилери боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу 11-февралдагы маалымат жыйында Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин билдиргенин «Азия-Плюс» агенттиги жазды.

Мухриддиндин айтымында, чек ара маселеси чечилип, аны документтештирүү иштери калды.

«Жумчушчу топтор дээрлик жума сайын бул жакта (Тажикстанда – ред.) же Кыргызстандын аймагында жолугуп жатышат. Билишибизче, чече турган 2-3 манилүү маселе бар», — дейт Мухриддин.

Ал билдигендей, манилүү делген 2-3 маселенин ичинде Исфара менен Ворухтун (Кыргызстандын аймагындагы анклав – ред.) ортосунда түз жол салуу жана бир катар суу объектилери бар. Бул маселелер боюнча сүйлөшүү уланып, тиешелүү протоколдорго кол коюла элек.

«Чек ара боюнча макулдашуудан тышкары жол жана суу обектилери боюнча эки өкмөттөр аралык келишимге кол коюу пландалууда», — дейт министр.

Эскерте кетсек, 2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кандуу куралдуу кагылыштар болгон. 2021-жылы майдын аяктарында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жапкан. 2022-жылы январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн чек арасы маселе толук чечилгенден кийин ачыларын билдирген.

2024-жылы 4-декабрда Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин такташып, макулдашканын, алдыда документтештирүү иштери турганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>