Кыргызстандын Министрлер кабинети 2025-жылдын 28-июнундагы №374 токтому менен 100 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине өткөрүүгө макулдук берген. Аталган аймак 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган чек ара келишиминин алкагында Өзбекстанга өткөн.
Бул тилке Ош облусунун Кара-Суу районундагы №312/4 жана №312/6 чек ара пункттарынын ортосунда жайгашкан.
Документке ылайык, Жер ресурстары агенттиги жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү инвентаризация жүргүзүп, менчик укугун каттоодон өткөрүп, карталарды жана чек араларды жаңыртып, аймактын чек арасы аныкталгандан кийин жер документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүсү зарыл.