Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Анын бөгөт чарасы УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен каралды.
Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча баңгизатты таркатуу үчүн аны жасоого шектелип, 2023-жылдын октябрь айында кармалган. Андан бери ал атайын кызматтын тергөө абагында кармалып келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз