Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов кайра кызматка дайындалды

13.05.2024 | 16:53

Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов “Курулуп жаткан электростанциялар” дирекциясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Энергетика министрлигинен ырасташты.

Ал 6-майда бул кызматка бекитилген.

Белгилей кетсек, “Курулуп жаткан электростанциялар” дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 35 миллион сом өлчөмүндө белгиленген.  “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун айрым мүлкү, анын карамагында “Камбар-Ата -1” ГЭСи дагы дирекцияга өткөрүлгөн.

Игорь Чудиновду мурдагы президент Курманбек Бакиев жетектөөчү кызматка алып келип, 2007-жылы премьер-министр кылып дайындаган. 2009-жылы Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун директору болот.

2010-жылкы революциядан кийин кармалып, көп өтпөй бошотулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top