Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1.000 000 АКШ долларын алган. Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишти ИИМ тергеп жатканын аталган министликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран Б.А. кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000 АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.
2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.
Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.
Телеграм каналыбызга катталыңыз