Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков камакка алынды

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1.000 000 АКШ долларын алган. Бул  факты боюнча  козголгон кылмыш ишти ИИМ тергеп жатканын аталган министликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран Б.А. кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000  АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.

2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык)  менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>