Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Муздак жана сыз. Аксыда окуучулар жер төлөдө тамактанышат
22.04.2024 | 12:45
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында Жээналиев атындагы мектептин ашканасы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат
Айсара Абдибаева билдирди.
Анын айтымында, окуучулар жер төлөдө тамактанышат.
“Муздак, сыз. Ал жерге кирген адам эле ооруп калат. Тамак жегенче абасынан эле саламаттыгы начарлап кетет. Ал жерде мурда тамеки жыйган сарай болгон экен. Мен айыл өкмөтүнөн каражат бөлүп, убактылуу ашкана куруп берүүнү сурандым”, – деди ал.
Билим берүү министрлиги мектептеги шарттарды текшерип чыгууну суранды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом