Акжол Махмудовдун Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду

Акжол Махмудовдун Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду

Бишкекте 19-21-апрелде өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарындагы дагы эки атаандашы белгилүү болду.

Бишкектеги турнирде 21-апрелде  грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Спортчулар олимпиадалык салмактарда (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг) күч сынашып, Олимпиадага лицензия алууга ат салышты. Ар бир салмакта финалга чыккан экиден балбан лицензиянын ээси болду.

Махмудов күрөшкөн 77 кг салмакта жолдомону казакстандык балбан Демеу Жадраев менен ирандык Амин Явар Кавианинежад алды.

Махмудов буга чейин Жадраев менен бир жолу күрөшкөн. Ал кармаш 2018-жылы Азия чемпионатынын финалында болгон. Анда Махмудов атаандашын утуп, биричи жолу Азия чемпиону атанган (72 кг).

Ал эми ирандык балбан Кавианинежад менен Акжол Махумдов 2023-жылы эки жолу финалда кез келген. Алгач эки балбан Азия чемпионатынын финалында жолугушкан. Бирок Кавианинежад жарым финалда жаракат алып, финалда күрөшө албагандыктан, жеңиш Махмудовго берилген.

Арадан бир нече ай өткөндөн кийин эки балбан Азия оюндарынын финалында күрөшкөн. Анда беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Махмудовдо болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылган.

Демеу Жадраев жана Амин Явар Кавианинежад

Лицензия алгандар (77 кг):

1. Кыргызстан — Акжол Махмудов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, 2023-жыл), бир жолу күмүш уткан (2024-жыл)

2. Азербайжан — Санан Сулейманов (эки жолу дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан (2021, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2020-жыл) жана эки ирет коло байгесин тагынган (2021, 2022-жыл)

3. Армения — Малхас Амоян (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана эки жолу коло байгесин уткан (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана бир жолу күмүш байгесине татыган (2021-жыл)

4. Япония — Нао Кусака (дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2023-жыл), Азиянын чемпиону (2024-жыл)

5. Өзбекстан — Арам Варданян (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2019-жыл), Азия чемпионатында эки ирет коло тагынган (2016, 2018-жыл)

6. Куба — Пена Флорес Йосванис (Пан-Америка чемпионатын үч ирет уткан (2019, 2020, 2022-жыл) жана күмүш (2023-жыл) менен коло (2024-жыл) байгелерин тагынган, Пан-Америка оюндарында эки жолу колого татыган (2019, 2023-жыл)

7. Колумбия — Куэро Муноз Алексис (Пан-Америка чемпионатын бир ирет жеңген (2024-жыл), бир жолу күмүш (2018-жыл) эки жолу коло (2019, 2023-жыл) медалын уткан, Пан-Америка оюндарында эки ирет коло тагынган (2014, 2019-жыл), Түштүк Америка оюндарында бир жолу алтынга татыган (2022-жыл)

8. Алжир — Элкрим Уакали (Африканын үч жолку чемпиону (2020, 2022, 2023-жыл), үч ирет күмүш байгесин уткан (2012, 2014, 2019-жыл), Африка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2024-жыл), Араб оюндарын бир ирет жеңген (2023-жыл)

9. Египет — Махмуд Халед Абделрахман (Африка оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2024-жыл)

10. Түркия – Бурхан Акбудак (дүйнө чемпиону (2022-жыл), бир жолу күмүш уткан (2021-жыл), Европанын чемпиону (2023-жыл), бир ирет коло байгелүү болгон (2022-жыл)

11. Финляндия – Жонни Сарккинен (23 жашка чейинки балбандар арасында Европа чемпиону (2023-жыл)

12. Казакстан – Демеу Жадраев (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2017-жыл), Азия чемпионатында 1 ирет күмүш, 3 жолу коло уткан (2015, 2018, 2019, 2021-жыл)

13. Иран — Амин Явар Кавианинежад (Азиянын чемпиону (2020-жыл), Азия оюндарынын жана Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2023-жыл)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>