Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз боз үйү” сынагы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сынак боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды кеңири коомчулукка таанытуу максатын көздөйт.
Катышуу шарттары
Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алат жана жаш-курагы жана улуту чектелбейт. Сынакка ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат.
Буга чейин эпос фествалына катышкан боз үйлөр катыша албайт.
Катышуучулар 2023-жылдын 10-май айына чейин билдирме-анкета жөнөтүүсү зарыл. Анткета шилтеме аркылуу тиркелет:
Катышуучуларга сынакка жолдомо алгандыгы тууралуу маалымат уюштуруучулар тарабынан телефон аркылуу маалымдалат.
Талаптарга ылайык, кабыл алынган боз үйлөр 2023-жылдын 16-майынын экинчи жарымында Ош шаарынын Борбордук аянтында орнотуп, сынактын жыйынтыгы чыккан соң гана чечилүүсү шарт. Сынакка катышууга кеткен чыгымдар катышуучулардын өз эсебинен каржыланат.
Жеңүүчүлөр аталган министрликтин дипломдору, грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз