УКМК: Пара талап кылган райондук соттун судьясына иш козголду

УКМК: Пара талап кылган райондук соттун судьясына иш козголду

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК жарандардын кайрылууларын негизинде, Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. караган кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар опузалоо фактысы аныкталган. Ал талаптар аткарылбаган учурда соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратарын айтып коркуткан.

«Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам жана оперативдүү-техникалык иш-чаралардын негизинде судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы ачыкталды», — деп билдирет УКМК.

Белгилүү болгондой, соттун аппаратынын кызматкерлери айыпталуучулардан опузалап алынган сумманы алып, андан кийин ал сумманы судьянын досуна өткөрүп берип турушкан. Сот өз коопсуздугуна көзү жеткенден кийин гана акчаны алган.

«Белгилей кетсек, бул кылмышка тиешеси бар ар бир адамга опузалап алынган каражаттардын белгилүү бир үлүшү берилип турган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан билдиришкендей, 20-апрелде пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

21-апрелде Биринчи май райондук соту Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. камакка алынган.

Ошол эле учурда УКМК «Кыргызстандын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, сотту жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн Судьялар кеңешинин макулдугу керектигин белгилейт.

«Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>