Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулду

16.03.2026 | 11:32

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Мамыр-Баатыр көчөсүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүүдө курулуш иштерин «Легион Констракшн» ЖЧКсы тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок жүргүзгөндүгү аныкталган. Тактап айтканда, долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынган эмес. Ошондой эле объект курулуп жаткан объекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталган эмес.

Мындан тышкары, аталган жерде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери бузулгандыгы катталды. Буга чейин 10-февралда мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилген, бирок талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш иштери мыйзам бузуулар жоюлганга чейин токтотулуп, «Легион Констракшн» ишканасына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Scroll to Top