Мыйзамсыз курулушка жол беришкен. Ош шаарынын архитектура кызматкерлери кармалды

Ош шаарынын архитектура кызматкерлери турак жай курууда мыйзам бузууларга жол берген деген шек менен кармалышты.
УКМКнын маалыматында, курулуш компаниялары турак жайларды курууда долбоордук-сметалык документтерге унаа токтотуучу жайлар боюнча атайылап туура эмес маалыматтарды киргизишкен. Алар документте көрсөтүлгөн унаа токтотуучу жайлардын ордуна коммерциялык имараттарды курушкан.
Ал эми Ош шаарынын архитектура кызматкерлери алар менен келишим түзүп алып, курулуш долбоорлорун бекитип беришкен.
Бул аракеттер курулуш мөөнөттөрүнүн создуктурулушуна, транспорттук тыгындардын пайда болушуна жана шаардык инфраструктурага кошумча жүк келтирүүгө алып келген.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. жана архитектура боюнча адис Т.З.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.