НАБУ уюму куткарылган илбирстер боюнча маалымат берди — видео

НАБУ уюму куткарылган илбирстер боюнча маалымат берди — видео

Таластын Көк-Ой айылынан кармалып, Бишкекке алынып келинген илбирстин башында 60дан ашык майда чачма ок болгон. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Германиянын жаратылышты коргоо уюмунан (НАБУ) билдиришти. 

Мекеменин мааылыматына караганда, жырткыч жаныбарга К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы ветеринардык клинкасында оппрация жасалган.

Бир жарым сааатка созулган операцияда илбирстин башынан, сол көзүнөн, тилинен жана оозунан 18 чачма ок алынган.  Илбирстин оң жак көзүнүн көрүүсү 40% дан ашпайт. Жырткычтын денесинде калган башка окторду алып таштоого убакыт жеткен эмес. Ошентсе да алар күчтүү дарылардын жардамы менен өздөрү чыгып кетери айтылат.

 

Ал эми Нарын облусунан Бишкекке алынып келинген илбирс Жумгал районунун Килемче жайлоосунда фермер Табылды Жусупакуновдун короосунан кармалган.

Ал 11-12ге келип калган ургаачы илбирс болгон.  Анын  3 тиши түшүп өз алдынча жем таба албай картайып калган. Учурда  илбирс НАБУнун Ысык-Көл облусунун Ананьев айылындагы реабилитациялык борборуна жеткирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>