Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Нариман Түлеев: ЦУМдун жанындагы Old Bishkek өтмөгүн быйыл бүтүрөбүз
24.09.2025 | 16:55

ЦУМдун жанындагы Old Bishkek жер өтмөгүнүн курулушу жыл аягына чейин аякташы күтүлүүдө. Бул тууралуу долбоордун демилгечиси, экс-мэр Нариман Түлеев билдирди.
Анын айтымында, учурда беш блоктогу иштер бүткөрүлүп, жакынкы күндөрү Шопоков көчөсүнө жакын жайгашкан алтынчы блоктун курулушу башталат.
«Жер алдында да иштер кызуу жүрүп жатат. Жыл аягына чейин бардык иштерди бүтүрөбүз деген үмүттөбүз», — деди Түлеев.
Эске салсак, жер өтмөктү куруу иштери май айынын аягында башталган. Ал эки жылда толук бүткөрүлөрү, ал эми жол 6–8 айдын ичинде ачылары айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом