Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Нарматованын иши боюнча УКМКдан БШКга материалдар түштү
20.01.2022 | 17:00
Борборук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому боюнча УКМКдан материалдар келип түштү. Бул туурасында 24.kg басылмасы жазып чыкты.
“Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул документ эл өкүлүнөн мыйзамсыз алынган. Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясына Билим берүү министрлигинин корутундусу келген. Бүгүн БШК бул маселени карайт” – деп жазды.
Жогорку Кеңешинин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгону кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат