Ош: 13 жаштагы өспүрүм өзүн мылтык менен атып алды

Ош: 13 жаштагы өспүрүм өзүн мылтык менен атып алды

Милициянын 13 жаштагы уулу ойноп жатып, тапанчаны атып алган. Бул туурасында Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда,  20-январь күнү саат 08:25 Ош облустук милицияга  Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу белгисиз ок атуучу куралдан денесине жаракат алып ооруканага түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын  ыкчам-тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзгөн.

Окуя болгон жерден:  1 (бир) даана 9мм ПМ үлгүсүндөгү ок атуучу курал, аталган куралга 2 (эки) даана магазин 15 (он беш) даана октору менен жана 1 (бир) даана атылган октун гильзасын  алышкан.

Алгачкы текшерүү иштердин жүрүшүндө белгилүү болгондой аталган жерде жашаган үйдүн ээси 50 жаштагы ички иштер органынын кызматкери А.А  2022-жылын 20-январь күнү Ош ОИИБдин ыкчам тергөө тобунда жооптуу кызматкер катары жумушка жөнөп жаткан кезде,  өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу  9мм Макаров  тапанчасын эки даана магазин жана 16 (он алты) даана октору менен жуунуучу бөлмөнүн сыртына столго калтырып жуунганы кирип кеткен кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И тапанчаны кызыгып колуна алып ойноп жатып атып алган.

Жарат алган бала Ош шаардык ооруканага жеткирилген.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травматология бөлүмүнүн дарыгери тарабынан кароо жүргүзүлүп, ички органдары жабыркаган эмес, көкүрөктүн сол тарабына ок тийгендиги такталган.  Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Аң-сезими тунук, өз алдынча кыймылдайт.

Өспүрүм алган денесиндеги жарааттын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык, окуя болгон жерден табылып алынган куралга, окторго жана бир даана гильзага карата соттук-дактилоскопиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча алгачкы териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>