ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Нарын облусундагы ооруканаларга 20 кызматтык автоунаа тапшырылды
02.02.2026 | 11:01

Бүгүн, 2-февралда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелерге 20 автоунаа тапшырды.
Камчыбек Ташиев техникаларды тапшырып жатып, саламаттыкты сактоо тармагын колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бул техникалар калкка тез жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат.
Автоунаалар төмөнкү мекемелер арасында бөлүштүрүлдү:
- Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө — 3 унаа;
- Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна — 4 унаа;
- Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна — 1 унаа;
- Нарын облустук соттук медициналык экспертиза бюросуна — 1 унаа;
- Б. Шамеев атындагы Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна — 3 унаа;
- О. Коккозова атындагы Ак-Талаа районунун жалпы дарыгерлик практикалык борборуна — 3 унаа;
- Жумгал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна — 3 унаа;
- Кочкор райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнө — 2 унаа.
Буга чейин Нарын облусунун медициналык мекемелеринде кызматтык автоунаалардын жетишсиздиги катталып, калкка медициналык жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Медицина