Нарында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-август күнү саат 04:13тө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ат-Башы районунун Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>