Борбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алындыКата жазылган көчө аттары: Бишкекте туура эмес аталыштарга каршы рейд башталдыАла-Арчада Кыргызстандагы алгачкы родельбан курула баштадыКумтөрдүн «MEGASHOP» цехи: 14 оор техниканы бир убакта оңдойтTunduk тиркемесинде жаңы медициналык кызмат ишке киргизилди
Нарында 46 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды
31.05.2024 | 15:12
Нарында кен казуучу компаниянын курулуш шаймандарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 14-майда Солтон-Сарыда кен казган компаниянын курулуш шаймандары уурдалган.
Аталган иш каттоого алынып, ыкчам-тергөө иштери башталган. Натыйжада бул ишке шектүү катары 46 жаштагы У.Ж. аттуу жаран кармалган.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү уурдалган буюмдарды жолдун жээгине катып койгон.
Тергөө иштери уланууда.