Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Нарында бир канча жерде кар көчкү атып түшүрүлдү
20.02.2023 | 19:56
Нарында бир канча жерде кар көчкү атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун Нарын районундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүүнү демилгелеген ӨКМдин ыкчам тобу жана КМнин артиллериялык эсеби саат 13:00дөн саат 14:25ке чейин 294-295-чакырымдарында жалпы 10 снаряд атышып, баардыгы жарылды. Натыйжада көлөмү 400950 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.
Ал эми саат 14:45тен саат 15:30га чейин 296-чакырымында жалпы 20 снаряд атышып, бардыгы жарылып, натыйжада көлөмү 500760 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес. Бүгүн жалпысынан кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери толугу менен аяктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар