«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
Нарында кар жаап, малчыларга кыйынчылык жаралды
02.06.2025 | 09:45
Кечээ, 1-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районуна кар түшүп, жайлоодогу малчыларга кыйынчылык жаралган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, “112” кызматына жааган кардын кесепетинен Арпа жайлоосунда малчы калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам малчыларга Казыбек айыл аймагынын башчысы 2 жүк ташуучу унаа менен чөп (тоют) жеткиришкен.
Ошондой эле Ак-Сай жайлоосуна чыккан 6 адамга куткаруучулар менен чек арачылар жардам көрсөтүшкөн.
Мындан тышкары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 537-544-чакырым аралыктарына 15-20см жеткен кар жаап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралган. Жеринде бир грейдер иштеп, жол бир тараптуу тазалаган. Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери улантылып жаткандыгы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар