Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Нарында күйөөсү аялына бычак менен кол салды. Чоо-жайы
01.09.2024 | 19:15
Нарын шаарында 31-августта “Он-Арча” базарында эркек киши аялына бычак менен кол салган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. 1982-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну М.Н., базардын аймагындагы кафеде ашпозчу болуп иштеген 1983-жылы туулган аялы – С.А.га бычак сайганы аныкталган.
Жабырлануучу Нарын облустук бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Кол салуу фактысы боюнча Нарын ОИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Н. кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар