Нарында күйөөсү бычактаган аял: Үйүмдү билгенде, өлтүрүп кетмек экен

Нарында күйөөсү бычактаган аял: Үйүмдү билгенде, өлтүрүп кетмек экен

Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү күйөөсү тарабынан бычакталып, ооруканага түшкөн аялдан кабар алды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Ооруканада жаткан аял Акыйкатчы институтунун кызматкерине буга чейин күйөөсү кол көтөрүп, сабап жүргөнү тууралуу айтып берген. Ошондуктан ал быйыл июль айында балдарын алып, үйүнөн чыгып кеткен. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. Учурда балдарды тайкеси карап жатат.

«Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде, ээн-эркин өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем», — дейт ал.

Аталган окуя боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да үн катып, акыркы мезгилде кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күчөп жатканын билдирди. Ал укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырды.

Ал күнөөлүү адам мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган окуя 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарында болгон. 42 жаштагы тургун (М.Н.) базардагы ашканада иштеген аялына келип, ага кол салып, мойнуна жана денесине бир нече жолу бычак сайган. Аялды ошол учурда базарда жүргөн милиция кызматкери Жеңиш Муканбетов куткарып калган.

Шектүү кармалып, соттун чечими менен тергөө аяктаганча 30-октябрга чейин камакка алынган.

Ага «мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Нарында күйөөсү бычактаган аялды ажалдан сактап калган милиционер сыйланды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>