Нарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирди
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкана пайдаланууга берилди. Долбоор жергиликтүү фермерлерди колдоого жана алардын продукциясын сатууга ишенимдүү жол ачууга багытталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу Облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен мүмкүн болду. Цехти курууга жана жабдууга 30 миллион сом бөлүнгөн.
Жаңы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 1000 литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет. Учурда объект 6 жергиликтүү тургунду туруктуу жумуш орду менен камсыздады.
Цехтин ишке кириши эки негизги маселени чечет: жеринде кошумча нарк түзүү жана калктын кирешесин колдоо. Эми жергиликтүү тургундар сүтүн райондун сыртына чыкпай эле кайра иштетүүгө өткөрө алышат.
Белгиленгендей, чыгарылып жаткан сүт азыктарынын баары коопсуздук стандарттарына жооп берет жана Кыргызстандын ички рыногуна багытталган. Администрация мындай долбоорлор алыскы айылдардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга шарт түзөрүн белгилөөдө.