Нарында жапон инвесторлору 100 гектарга чычырканак, карагат өстүрөт

Нарында жапон инвесторлору 100 гектарга чычырканак, карагат өстүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районундагы Япон инвесторлорунун колдоосу менен “Погранич Нур” кооперативи тарабынан уюштурулуп жаткан чычырканак жана карагат плантациялары менен таанышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Мында япониялык инвесторлор 100 гектар аянтка чычырканак, кара карагат, май өсүмдүктөрүн өстүрүшөт. Ошондой эле долбоордун алкагында балчылык багыты дагы камтылып, жайыт талааларында 150 уюк кармоо каралган.

Долбоордун максаты – Экологиялык таза продукцияны экспорттоо жана өнүктүрүү. Жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушун жогорулатуу, Кыргыз-Япон экономикалык жана маданий кызматташтыгын тереңдетүү менен бирге Кыргызстандан чыккан продукцияларды Япония рыногуна экспортоо болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>