Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Нарындагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду, алардын бири ымыркай бала
31.07.2019 | 10:20
Нарын облусунда Ниссан Цефиро жана Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, 10 адам жаракат алып, 2 адам каза болду. Окуя кечээ, 30-июлда саат 9.00 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунда болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эки унаадан 10 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук жана Баетов айылындагы ооруканаларына жеткирилген. Жол кырсыгынан 1 жаштагы бала жана 54 жаштагы аял алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталганы маалым болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар