Назарбаев Маргарет Тетчерге сыйлаган «Достук» ордени сатыкка коюлду

Назарбаев Маргарет Тетчерге сыйлаган «Достук» ордени сатыкка коюлду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Улуу Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Маргарет Тетчерге сыйлаган «Достук» ордени сатыкка коюлду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Ордендин баасы 12,5 миң фунт стерлинг (7,9 млн теңге же 1 млн 391,8 миң сом) деп белгиленген.

Кийин бул кабар чыккандан кийин Казакстандын юстиция министри Азамат Ескараев журналисттерге комментарий берип, өлкө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сыйлыктарды сатууга болбой турганын билдирген. Ал эми аны саткан адам мыйзамга ылайык жоопко тартыларын белгилеген. Ошол эле учурда Маргарет Тетчер легендарлуу инсан болгондуктан, ал өңдүү адамдардын буюм-тайымдары, сыйлыктары сатыкка чыгарылган учурлар болуп турарын, бул нерсе алардын маданиятынын бир бөлүгү экенин сөз кылган.

Ал эми «Достук» ордени сатылса, жоопкерчиликке тартуу маселеси Тышкы иштер министрлиги же Маданият министрлигине тиешелүү экенин белгилеген.

Назарбаев аталган сыйлыкты Тетчерге 2001-жылы тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>