Нетфликс Warner Bros. Discovery ишканасын 82,7 млрд долларга сатып алат
Стриминг тармагынын гиганты Нетфликс дүйнөдөгү эң эски киностудиялардын бири болгон Warner Bros. Discovery ишканасын сатып алып жатканын жарыялады. Келишимдин суммасы 82,7 млрд долларды түздү.
Макулдашуунун натыйжасында медиаимпериянын негизги активдери Нетфликстин көзөмөлүнө өтөт:
- HBO телетармагы;
- HBO Max стриминг кызматы;
- Warner Bros. киностудиясы.
Келишимдин шарттары
Warner Bros. Discovery’нин акционерлери ар бир акция үчүн 27,75 доллардан алышат, анын ичинде:
- 23,25 доллары накталай акча менен;
- 4,50 доллары Нетфликстин акциялары менен берилет.
Нетфликстин башкы директору Грег Питерс ишкананы кошуп алуу базардагы лидерликти узак жылдарга камсыздай турганын билдирди. Өз кезегинде Warner Bros. Discovery’нин башчысы Дэвид Заслав Нетфликс аталган студиянын стратегиялык мурасын сактап, кинотеатрлар үчүн тасмаларды чыгарууну улантарын билдирди.
Учурда келишим АКШнын антимонополиялык жөнгө салуучу органдарынын жактыруусун күтүп жатат.