Ошто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышатReporter.kg жана «Кыргызстан аэропорттору» расмий кызматташтыкты баштадыОоганстан Пакистандын Аскердик-аба күчтөрү Кандагардагы күйүүчү май резервуарларына сокку урганын билдирдиШаирбек Ташиев ИИМде сурак берүүдөУкук коргоочу Бүбүсара Рыскуловага БУУнун «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» сыйлыгы тапшырылды
Ноокатта жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жүргөн чиновниктер кармалды
22.04.2024 | 09:51
Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында жерлерди мыйзамсыз менчикке өткөрүп берген мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, алар жалпысынан 41 гектар жер трансформациясыз жасалма токтомдор менен мыйзамсыз берилген, анын жалпы орточо базар наркы 300 млн.сомго жакынды түзөт.
Коопсуздук кызматы Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Н.З., аталган айыл аймактын жер ресурстары боюнча адиси Э.Э.Т., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынын бөлүм башчысы Б.А.Э., жетектөөчү адис А.Н.М., картограф К.И.Т. жана каттоо бөлүмүнүн башчысы С.Т.С. кармап, камоого алды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом