Ноокаттагы медреседе эки өспүрүм бала чырдаша кетип, бири каза болду

Ноокаттагы медреседе эки өспүрүм бала чырдаша кетип, бири каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда медреседе эки өспүрүм бала чырдаша кетип, бири каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 6-октябрда Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 16 жаштагы өспүрүм (М.М.) 14 жаштагы бала (Ш.Ф.) менен чырдаша кетип, учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада ал алган жараатынан улам ооруканага жетпей көз жумган.

Аталган факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Бул окуя боюнча муфтият комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Муфтияттын маалыматы боюнча, маркум бала (Ш.Ф.) медреседе окуган эмес. Аны ата-энеси 3 күнгө дем салдырууга калтырып кеткен.

Учурда эки баланын ортосунда кандай пикир келишпестик болгону териштирилүүдө.

 

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>