Ноокаттагы селдин кесепеттери
Ноокат районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдиди.
Маалыматка караганда, 28-июнда Ноокат районунун аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Гулистан айыл аймагынын Тажи-Кыштак айылындагы 8 турак үйдүн короо, сарайларына сел кирген. Ошондой эле, Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу-Сай сел сайынан сел түшкөн жана аталган аймакта 25 турак үйдүн короосуна, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемесине сел суулары кирген.
Бүгүн , 30-июнь күнү тазалоо иштерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды.
[image_carousel source=”media: 211514,211515,211517,211498,211497,211496,211495,211494,211489,211490,211491,211492″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз