Ноокенде 28 жаштагы Динара Каримова 20 күндөн бери дайынсыз

08.09.2022 | 12:09

Ноокенде 28 жаштагы Каримова Динара Мырзамамитовна 20 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Каримова Динара Мырзамамитовна 19-август күнү саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы кара кыска.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Динара Каримова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102 кызматына же (03734) 5 05 44,   0755 66 62 88 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top