Ноокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркады

01.04.2026 | 17:47

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы №25 “Бакыт” бала бакчасында 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 31-мартта саат 06:15 чамасында орун алган. Жарылуунун кесепетинен мекеменин ашканасы, азык-түлүк сакталуучу кампасы, медайымдын бөлмөсү жана кир жуучу жайы болуп, жалпы 195 кв. метр аянт жараксыз абалга келген. Окуядан бала бакчанын кызматкерлери жана балдар жабыркаган эмес.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн корутундусу чыкканга чейин бала бакчанын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бала бакчада 130дай бала тарбияланып, 21 кызматкер иштейт.

Scroll to Top