ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Ноокенде «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун аял мүчөлөрү кармалды
06.02.2026 | 10:02

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү аныкталып, кармалды.
УКМКнын маалыматында, аталган топтун мүчөлөрү тигүүчүлүккө окутуу шылтоосу менен жаш аялдарды ишке тартып, аларга уюмдун идеологиясын жайылтып келишкен. Топтун лидерлери жабык Telegram каналдары аркылуу экстремисттик адабияттарды таратып, Кыргызстанда халифат түзүү маселелерин талкуулашкандыгы аныкталган.
Шектүүлөрдүн жашаган даректерин тинтүү учурунда тыюу салынган адабияттар, электрондук каражаттар табылып алынган.
Уюмдун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар