Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Ноокенде жайлоодон 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
09.07.2020 | 10:45
Ноокен районунда жайлоодон 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар табышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында 2006-жылы туулган бала Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болгон. 2-4-июль күндөрү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.
8-июль күнү жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси жайлоодон табылган. Баланын жансыз денесин алып келүү үчүн ӨКМнин куткаруучулары менен ИИМден 3 кызматкер чыгып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом