Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Нооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
20.03.2026 | 11:26

Быйыл өлкө башчы Садыр Жапаров 21-март – Нооруз майрамын Нарын шаарында майрамдайт. Ноорузга карата шаардын борбордук аянтында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Майрамдык программа үч бөлүктөн турат:
- 11:00 – 12:30: маданий иш-чара;
- 15:00 – 17:30: күндүзгү концерттик программа;
- 19:00 – 21:30: кечки шоу-программа.
Майрамдык концертке Кыргызстандын белгилүү эстрада ырчылары катышат. Алардын катарында Бек Борбиев, Элзар Өскөнбаев, Жийдеш, Аскат Мусабеков, Бактияр Токторов, Токтобек Асаналиев жана башкалар бар.
Президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү иш-чарага байланыштуу Нарын шаарынын айрым жолдорунда унаа кыймылына чектөөлөр киргизилерин билдирди. Жолдордун айрым тилкелери убактылуу жабылып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом