Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.
“Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды челектерге салып, шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла”, — деп эскертет мэрия.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз