Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Новосибирсктен Бишкекке 183 кыргызстандык кайтып келди
17.07.2020 | 10:44
17-июль күнү «Новосибирск–Бишкек» чартердик каттамык менен 183 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бул тууалуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча мекендештердин жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Каттамга негизинен Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдар жана оор илдети бар же жакынын жоготкондор кирген.
Мындан сырткары бул каттам менен Орусиядагы мекендештер тарабынан жардам катары чогултулган 185 миң сомдук медициналык каражаттар дагы келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом