Нарындын тургуну курган Долондогу таш көпүрө туристтердин кызыгуусун арттыруудаБишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. СебебиКыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында эл аралык кызматташтыкты күчөтүүдө“Мейкин Азия” мени дүйнө тааныган ырчы кылды — Димаш КудайбергенОор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштадыРасмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди
Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
05.10.2022 | 15:35
Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев парламенттин төрагасы болуп шайланды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 80 депутат “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш берген.
Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы төрагалыкка көрсөткөн Нурлан Шакиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттар тобу, “Ишеним”, “Альянс” фракциялары дагы колдошкон.
Буга чейинки төрага Талант Мамытов отставкага кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат