Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов отставкага кетти – видео
05.10.2022 | 11:45
Жогорку Кенештин төрагасы Талант Мамытов отставкага кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Ал кызматтан кетүүсүнө өткөн аптада парламентте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен өткөн жыйында болгон окуя себеп экенин, өз чечими менен кызматтан кетип жатканын билдирди.
“Жакында парламентте окуя болду. (…). Ал массалык маалымат каражаттарына да чыгып кетти. Мен ошондо эле арыз жазып, Баткенге кетейин дегем. Бирок депутаттардын суранычы боюнча, милдеттеримди убактылуу түрдө орун басарыма жүктөдүм. Бүгүн өз ыктыярым менен кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алдым”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом