Жактоочу Нурбек Токтакунов Биринчи Май РИИБде 5 күн жазасын өтөдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту Бишкектеги Орусия элчилигинин алдындагы митингде судьяларды кемсинткен жактоочуну 5 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.
Токтакунов тарап бул чечимге каршы шаардык сотко кайрылгандыктан, жактоочу андан кийин бошотулуп, эртеси кайра камакка алынган.